Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Москва прокуратурасы митингчи жубайларды ата-энелик укуктан ажыратууну көздөйт


Москвада шаардык думага шайлоого катыша албай калган талапкерлерди колдогон акциядагы кармоо.
Москвада шаардык думага шайлоого катыша албай калган талапкерлерди колдогон акциядагы кармоо.

Москва шаарынын прокуратурасы 27-июлда баласы менен мэрия имаратынын алдындагы уруксат берилбеген митингге чыккан жубайларды ата-энелик укуктан ажыратууну караштырууда.

Көзөмөл органынын 6-августтагы билдирүүсүнө караганда, жубайлар Орусиянын борборундагы митинг учурунда бир жаштагы баласын үчүнчү кишиге да берип, «наристенин өмүрүн коркунучка кептеп, моралдык зыян келтирген». Маалыматта жубайлардын аты-жөнү айтылган жок.

Прокуратура ошондой эле 27-июлдагы жана 3-августтагы уруксат берилбеген митингге катышкан 18ге чыга элек балдар боюнча да иликтөө жүргүзүп жатканын кошумчалады.

«ОВД-Инфо» порталы маалымдагандай, 3-августта Москвада шаардык думага шайлоого катыша албай калган талапкерлерди колдогон акцияда кармалгандардын саны 1001 адам болгон. Ал эми андан бир жума мурдагы, 27-июлдагы ушундай эле митингде 1300дөн ашык адам кармалган.

Акциялдардын катышуучуларынын кармалышын укук коргоочу эл аралык уюмдар, Европа Биримдиги, Кошмо Штаттар жана башка Батыш мамлекеттери сындап, орус бийлигинин тынч жыйынга чогулган адамдарга күч колдонуусу орунсуз экенин белгилешкен. Москванын шаардык кеңешине шайлоо 8-сентябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG