Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Сариев: ЖЭБди оңдоодо өкмөт жамааттык чечим кабыл алган


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Экономика министрлиги Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо үчүн тендер өткөрүү керек экенин өз учурунда эскерткен. Бул тууралуу 7-августта ЖЭБди оңдоп-түзөө ишине байланыштуу соттук отурумда күбө катары сүйлөгөн Темир Сариев билдирди. 2013-жылы ал экономика министри болуп иштеп турган. 

Сариевдин айтымында, өкмөт бул маселени караган учурда коллегиалдуу чечим кабыл алган, Энергетика министрлиги тармактык мыйзамды негиз кылып, түз тандоону сунуштап, жыйынтыгында өкмөттүн коллегиалдуу чечими кабыл алынган.

Муну менен катар Сариев ЖЭБди оңдоо ошол кезде зарыл болгонун, себеби кошумча өндүрүштүк кубаттуулук керек болуп турганын айтты. 

Прокурордун Сариевге улам бир суроо берип жатышын соттолуучу Жантөрө Сатыбалдиев басым деп баалады.

ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу козголгон иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Жогорку кызматтагы эң көп адам камакка алынып, 386 миллион долларлык ири насыянын айланасында сөз болууда. 

Кармалгандардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов бар. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган.

Сегиз айыпталуучунун баш-аягы 20га жакын жактоочусу бар. Мамлекеттик айыптоочу тараптан алты прокурор иштеп атат. Кылмыш иши быйыл 18-февралдан бери сотто карала баштаган.

ЖЭБди оңдоп-түзөө укугу кытайлык ТВЕА компаниясына тийген. (BkA)

 

XS
SM
MD
LG