Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:06

АКШнын Москвадагы элчиси Жон Хантсман кызматтан кетет


Жон Хантсман.
Жон Хантсман.

Жон Хантсман кызматтан кетүү тууралуу арыз менен АКШнын президенти Дональд Трампка 5-августта кайрылган. Ал кызматынан 3-октябрда бошотула турганы маалым болду.

Трамптын атына жазган арызында Хантсман эки тараптуу мамиленин тарыхый татаал учурунда Кошмо Штаттардын Орусиядагы элчиси болуу ишеними берилгенине ыраазычылыгын билдирген.

Хантстман - Республикалык партиянын мүчөсү. Ал Ак үй администрациясында президент Рональд Рейгандын тушунан бери иштеп келген. 2005-2009-жылдары Юта штатынын губернатору кызматын аркалаган. Кийин Кошмо Штаттардын Кытайдагы элчиси болгон. Ал эми АКШнын Орусиядагы элчиси болуп 2017-жылы дайындалган.

Америкалык маалымат каражаттарынын жазганы боюнча, ал Юта штатына кайтып барып, алдыдагы шайлоодо губернаторлукка өз талапкерлигин коюну көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG