Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Кабулдагы жарылуудан 100дөй киши жарадар болду


Кабулдагы 7-августта жарылуу болгон аймак.
Кабулдагы 7-августта жарылуу болгон аймак.

Ооганстандын өкмөтүнүн билдиргени боюнча Кабулдагы полиция бөлүмүнүн жанында бомба коюлган машиненин жарылуусунан кеминде 95 киши жабыркады. Бул кол салуу үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алып, чабуулду жанкечти жасаганын маалымдады.

«Көп сандагы аскер жана полиция өлдү же жаракат алды», - деп айтылат «Талибан» кыймылынын 7-августта тараткан билдирүүсүндө. Бирок эртең менен болгон бул жарылуудан кимдир-бирөөнүн көз жумганы ырастала элек. Күбөлөрдүн айтымында, машине жарылгандан кийин атышуунун үнү угулган.

Саламаттык сактоо министрлиги 34 киши ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

Ооганстанда 18 жылдык согушту токтотууга багытталган Кошмо Штаттар менен «Талибандын» сүйлөшүүлөрү уланып жатканына карабай, дээрлик күн сайын адам өлүмү менен коштолгон чабуулдар болуп жатат.

XS
SM
MD
LG