Солтон-Сары алтын кенинде 5-августта болгон окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Нарын облустук милициясынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди. Бирок ал каттоо кайсы берененин негизинде жүргүзүлгөнүн так айткан жок. Териштирүү жүрүп жатканын гана кошумчалады.
Эсенгулованын айтымында, учурда Кара-Чий айылынын тушунда, Бишкек-Торугарт жолунун боюнда 300дөй адам чогулуп турат.
Жол жабылган жок. Абал тынч.
Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сарынын Бучук участогун иштетүү укугу 2013-жылы кыргыз-кытай «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген.
Кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700гө чукул жергиликтүү адам ишти токтотууну талап кылып 5-августта нааразылыкка чыккан. Ошол күнү чыр тутанып, 47 кытай жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган.
7-августта өкмөт компаниянын кендеги иши убактылуу токтогонун билдирди. (MiK)