Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Солтон-Сарыда чогулган эл тарай элек


Солтон-Сарыдагы чогулган эл.
Солтон-Сарыдагы чогулган эл.

Нарындын Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясына нааразы болгон 600-700гө чукул киши дагы эле ишкананын ишин токтотууну талап кылып турушат.

Бишкекте Кытайдын элчиси кыргыз өкмөтүнүн өкүлү менен жолугуп, кырдаалды талкуулады.

Нарындын Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясына нааразы болгон 600-700гө чукул киши дагы эле ишкананын ишин токтотууну талап кылып турат. Чогулгандар кенге жакын жерде мал союп, казан асып алышкан.

6-августта кенге биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев баштаган тиешелүү министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү барышты.

Боронов чогулгандарга «Jhong ji Mining» компаниясынын ишин бир айга убактылуу токтотуу боюнча Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын чечимин көрсөттү. Компанияга экологиялык нормаларды сактабаганы үчүн жарым миллион сом айыппул салынганын кошумчалады. Бирок чогулган эл ага макул болбой, «кытайлык ишкана үч күндүн ичинде Солтон-Сарыдан чыгып кетсин» деген талап кылып жатат.

Эртең менен кытайлык компаниянын имаратынын алдында он чакты оор жүк ташуучу автоунаалар тизилип токтоп турган. Чогулгандар «мына ушул машинелер менен техника каражаттарын толук алып чыгып кетишсин» деп айтып жатышат.

5-августта кенде чыккан чырдан «Jhong ji Mining» компаниясынын 20 кызматкери жабыркап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, алар ооруканага 6-августта саат 04:30да түшүп, эртеси күнү чыгарылды. Чет элдик компаниянын кызматкерлери баштарынан жараат алып, мээлери чайкалган. Дарыгерлер алардын абалын туруктуу деп баалап жатышат. Ошол эле чырда жаракат алган бир жергиликтүү тургун ооруканада дарыланып жатат.

Кытай элчиси кыргыз бийлиги менен сүйлөштү

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, Солтон-Сары кенине жакын жерде кытай жарандарынын жана жергиликтүү калктын ортосунда болгон окуяны тезинен жөнгө салуу тууралуу пикир алмашты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Разаков бул маселеде кыргыз өкмөтү инвесторлордун да, жергиликтүү калктын да кызыкчылыктарын коргоонун маанилүүлүгүн түшүнөрүн жана бардык талаштар укуктук негизде, саясий нукка бурулбай чечилиши керек деп эсептей турганын билдирген.

Кендеги чырдын төркүнү

25-июлда кенге барган Кубатбек Боронов нааразылык акцияларынын артында «үчүнчү күчтөр» бар экенин айтып, анын уюштуруп жаткан «башка адамдар болушу мүмкүн» деп билдирген.

Өкмөттүн жетекчилеринин биринин сөзүн бышыктоого же толук четке кагууга да мүмкүн эмес. Анткени 5-августтан бери чогулгандарды ошол эле жергиликтүү элдин арасынан чыккан бир-эки лидер адам баштап жүрөт.

Буга чейин Солтон-Сары кенин иштете турган компаниянын экологиялык нормаларды эске албай жатканы, мал кырылып жатканы тууралуу кептер айтылып келген. А бирок азыркы нааразылык кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жергиликтүүлөрдүн мушташынан келип чыккан.

Кытай элчилигинин талабы

Ал арада Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Солтон-Сары кениндеги окуя боюнча билдирүү таратты. Элчилик андагы жаңжал кытай компаниясынын кызматкерлеринин ден соолугуна олуттуу залакасын тийгизгенин жана экономикалык жактан чоң жоготууга учуратканын маалымдады.

Кытай тарап кыргыз өкмөтүнө окуя боюнча кескин тынчсыздануусун дароо билдиргенин эске салып, жаракат алган жарандарына толук түрдө медициналык жардам көрсөтүп, жаңжалды жакшылап иликтеп, күнөөлүүлөрдү катаал жазалоону, жагдайды калыстык менен жөнгө салууну талап кылаарын кабарлады.

Кытай кыргыз өкмөтүнөн жана тийиштүү органдардан ар кандай чараларды көрүп, кытайлык ишканалардын укугун коргоого жана кытай жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууга чакырды. Ошондой эле Кытайдын Бишкектеги элчилиги Солтон-Сарыдагы окуя боюнча өзүнүн версиясын маалымдаган. Ага ылайык, 5-август күнү жүздөгөн жергиликтүү тургундар «Zhong Ji Mining» компаниясына барышкан. Чогулгандардын айрымдары ишкананын аймагына мыйзамсыз кирип келип, кызматкерлерди ур-токмокко алган. Андан ондогон кытай жарандары жаракат алып ооруканада жатат.

Кытай элчилиги өз билдирүүсүндө көптөгөн жылдардан бери кытайлык компаниялар Кыргызстанга инвестиция кылып, эки өлкө алакасын чыңдап келатканын белгилеген. Кытай өкмөтү ишмердүүлүгүн чет өлкөдө жүргүзгөн ишканаларынан дайыма жергиликтүү мыйзамдарды сактоону талап кылаарын кошумчалаган.

Кытайдын «Jhong ji Mining» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландап жатат.

Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылып жүрөт. Бул чет элдик компанияда 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлыгы 20-25 миң сомду түзөт.

Солтон-Сарынын солго кеткен алтыны (11-март, 2016-жыл)

​Нарындын бир нече айылынын жашоочулары З000 метрден ашык бийиктиктеги Солтон-Сары жайлоосунда он күндөп жатып алтын казышат. Алардын басымдуу бөлүгү Эмгекчил айылынын жашоочулары. Эл арасында «алтынчылар» деп аталган мыйзамсыз кенчилердин жазылбаган өз эрежелери бар. Маселен, айылда алтын казгысы келгендер 9-10 кишиден топтолуп, тоого кезек менен келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG