Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:38

Казакстанда доллар дагы кымбаттады

Казакстанда быйыл июлдун акырынан тартып доллардын баасы улам көтөрүлгөнү байкалууда.
Казакстанда быйыл июлдун акырынан тартып доллардын баасы улам көтөрүлгөнү байкалууда.

7-августта Алматыдагы акча алмаштыруу жайларында бир доллар 388-390,4 теңгеге чыкты. Бул Казакстандын валюта базарындагы жаңы рекорд. Ал эми Улуттук банкта бир доллар 386 теңгенин тегерегинде болуп жатат.

Казакстанда быйыл июлдун акырынан бери доллардын баасы улам көтөрүлгөнү байкалууда. Улуттук банк же өкмөт азырынча теңгенин куну кетиши тууралуу расмий маалымат бере элек.

Мындан он жыл мурда, 2009-жылы бир доллардын баасы 150 теңгенин тегерегинде болгон. 2014-жылдагы девальвациядан кийин доллар дароо 185 теңгеге чыккан. Андан бери жыл сайын теңгенин арзандоосу уланып, бир доллар акыркы кезде 380 теңгеге чейин жеткен.

XS
SM
MD
LG