Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Сариев: Калиевди «Улуттук энергохолдингге» мен өзүм дайындагам


Темир Сариев.
Темир Сариев.

«Калиевди «Улуттук энергохолдингдин» жетекчилигине мен дайындагам», - деп билдирди 7-августта Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу Свердлов райондук сотунда жүрүп жаткан процессте күбө катары көрсөтмө берген мурдагы премьер-министр Темир Сариев.

Соттолуучулардын бири: «Мамлекеттик айыптоо Айбек Калиев «Улуттук энергохолдингдин» жетекчилигине Сапар Исаковдун жардамы менен дайындалганын айтууда. Бул кызматка аны ким дайындады эле?» деп сурады.

Бул суроого Темир Сариев: «Калиевди өкмөт мүчөлөрү менен кеңешкен соң дайындоо тууралуу чечимди мен кабыл алгам. Бул кызматты сизге мен сунуш кылгам», - деди.

Ошондой эле Сариев күч органдары боюнча гана кызматтарды президент менен кеңешпесе, башка адамдар менен кадрдык маселелерди макулдашпаганын билдирди. «Калиев боюнча Исаков менен кеңешкен эмесмин», - деди Сариев.

Сариев ошол кезде Бишкек ЖЭБди жаңылоодо Кытайдын Эксим банкынан насыя алуу эң ыңгайлуу болгонун билдирди. Анын айтымында, башка финансылык институттардын шарттары Кыргызстанга туура келген эмес.

«Бишкек ЖЭБин жаңылоо эң ийгиликтүү долбоор деп эсептейм», - деп кошумчалады Сариев.

ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу козголгон иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Жогорку кызматтагы эң көп адам камакка алынып, 386 миллион долларлык ири насыянын айланасында сөз болууда.

Кармалгандардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов бар. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган.

Сегиз айыпталуучунун баш-аягы 20га жакын жактоочусу бар. Мамлекеттик айыптоочу тараптан алты прокурор иштеп атат. Кылмыш иши быйыл 18-февралдан бери сотто карала баштаган.

ЖЭБди оңдоп-түзөө укугу кытайлык ТВЕА компаниясына тийген. (BkA)

XS
SM
MD
LG