Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:43

Кабулдагы жарылуудан 18 киши курман болду


Бул кол салуу үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алып, чабуулду жанкечти жасаганын маалымдады.
Бул кол салуу үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алып, чабуулду жанкечти жасаганын маалымдады.

Ооганстандын борбору Кабулдагы полиция бөлүмүнүн жанында бомба коюлган машиненин жарылуусунан кеминде 18 киши курман болуп, дагы 150гө жакын адам жабыркады. Өлгөндөрдүн арасында аялдар жана балдар да бар.

- Акыркы маалымат боюнча биздин 14 жараныбыз шейит кетти, ал 145 адам жарадар болду. Жаракат алгандардын 92си карапайым тургун, калганы полиция кызматкерлери, - деди ички иштер министринин орун басары Хошал Садат.

Бул кол салуу үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алып, чабуулду жанкечти жасаганын маалымдады.

«Көп сандагы аскер жана полиция өлдү же жаракат алды», деп айтылат «Талибан» кыймылынын 7-августта тараткан билдирүүсүндө.

Күбөлөрдүн айтымында, машине жарылгандан кийин атышуунун үнү угулган.

Ооганстанда 18 жылдык согушту токтотууга багытталган Кошмо Штаттар менен «Талибандын» сүйлөшүүлөрү уланып жатканына карабай, дээрлик күн сайын адам өлүмү менен коштолгон чабуулдар болуп жатат.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүнүн соңку айлампасы «өтө ийгиликтүү» өткөнүн жарыялаган.

«Талибандын» өкүлдөрү аталган топ тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ооган өкмөтү менен АКШ чет өлкөлүк аскерлерди чыгаруу тууралуу макулдашкандан кийин гана барарын айтып шарт коюшкан.

АКШ «Талибандын» мындай талабына макул экенин, ошол эле кезде Ооганстан террордук топтордун жайына айланбайт деген кепилдик зарыл болорун билдирген.

XS
SM
MD
LG