Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын артынан анын үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады. Бул тууралуу жеринен «Азаттыктын» кабарчысы билдирди.
Атамбаевдин үйүнө алып барган жолдо бактар кыйылып, жол жабык турат.
Атамбаевдин үйүнө атайын бөлүктүн аскерлери 7-августта кечки саат сегизге жакын бастырып барды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы президентти кармоо операциясы жүрүп жатканын билдирген.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөлөрү аскерлер ок атканын кабарлап, «Фейсбукта» түз эфирде көрсөтүштү. Партиянын төрагасынын орунбасары Фарид Ниязов төрт адам жабыркаганын, Атамбаевдин үйүнүн короосунда 200дөй адам бар экенин билдирди.
Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес. (SE)