Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Кой-Таш: жарадарлардын арасында журналист да бар


Кой-Таш.
Кой-Таш.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда 24.kg агенттигинин кабарчысы Аида Жумашовага желим ок тийди. Бул тууралуу аталган агенттик өзү маалымат таратты. Бирок кабарчынын абалы тууралуу толук маалымат айтыла элек.

Атамбаевдин үйүнө атайын бөлүктүн аскерлери 7-августта кечки саат сегизге жакын бастырып барды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президентти кармоо операциясы жүрүп жатканын маалымдады.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөлөрү аскерлер ок атканын кабарлап, "Фейсбукта" түз эфирде көрсөтүштү. Партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов төрт адам жабыркаганын, Атамбаевдин үйүнүн короосунда 200дөй адам бар экенин билдирди.

Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG