Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

Карамушкина: Атамбаев коргонууга аракет кылып жатат


Депутат Ирина Карамушкина.
Депутат Ирина Карамушкина.

Учурда Кой-Ташта жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармала элек экенин билдирди.

Ал «Атамбаевди алып кетишти» деген маалыматтарды дезинформация деп атады.

«Алмаз Атамбаев алигиче коргонууга аракет кылып жатат», - деп айтты Карамушкина КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Рита Борбукееванын «Фейсбуктагы» барагы аркылуу берилген түз эфир маалында.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев: «Атамбаев кармалган жок, ушакка ишенбегиле» деп «Фейсбук» барагына жазды.

Ага чейин бир катар маалымат каражаттары Атамбаевди «кармап кетишкенин» жазып чыгышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады.

«УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG