Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн токтотту

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн мөөнөтүнөн мурда токтотуп, Бишкекке келатат. Бул тууралуу 7-августта кечинде Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы 5-августта кыска мөөнөттү эс алууга чыгып, Ысык-Көлгө кеткен болчу.

Ал арада Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын улантып жатат. Кырдаал курчуп, октордун үндөрү жаңырууда. Атамбаевдин короосунда бир канча жерде өрт болуп жатат. Атамбаевдин үйүнүн ичиндеги электр жарыгы өчүп калганын кабарчыбыз билдирди.

Атайын бөлүктүн аскерлери ал жерге 7-августта кечки саат сегизге жакын бастырып барган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим октор гана колдонулганын маалымдаган.

Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады. Саламаттык сактоо министрлиги бир канча адам ооруканага түшкөнүн билдирди.

Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG