Саясатчы Бектур Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында кырдаалдын курчуп кетишин бийликтин, күч түзүмдөрүнүн шалаакылыгы катары баалады. Ал атайын бөлүктүн аскерлери көтөрүп жүргөн куралдар Кой-Таштагы, Атамбаевдин тарапташтырынын колуна өтүп кетишине жол бербеш керек экенин айтты:
- Азыр толугу менен саботаж болуп жатат. "Атайын кызматтын куралын тартып алганы жатат" дешүүдө. 2010-жылы да ошондой болуп, куралдарын таштай качышкан. Ошол учур кайталанып жатат. Президент Сооронбай Жээнбековдун айланасында жалаң эки жүздүү саясатчылар чогулган. Президент эки жылда команда түзө алган жок. Ошонун кесепети. Кыргызстандын тагдыры биз үчүн баары бир эмес. Саясатчылар сүйлөшүп жатабыз. Эртең менен билдирүү жасайбыз.
Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес.
Буга чейин Саясий туткундарды реабилитациялоо боюнча жарандык союзга кирген саясатчылар тобу президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу жазып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камоону талап кылышкан. Алар мыйзам чегинде Атамбаевди жоопко тартпай жаткан күч түзүмдөрүнүн башчыларын кызматтан кетишин талап кылышарын айтышкан.
7-августта кечки саат сегизге жакын Атамбаевдин үйүнө атайын бөлүктүн аскерлери бастырып барды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президентти кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим ок колдонулганын маалымдады. ИИМ коомдук тартипти камсыздоо үчүн кошумча күч тартылганын билдирди. (КЕ)