Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Кой-Таштагы журналисттер менен байланыш үзүлдү


Кой-Таш.
Кой-Таш.

Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын чагылдырып жүргөн журналисттер менен байланыш үзүлдү. "Азаттыктын" беш кабарчысынын телефондору түнкү саат он бирге жакын өчүп калды. "Kloop" басылмасы да кабарчылары менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын билдирди.

Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштады. Кырдаал курчуп, октордун үндөрү жаңырууда. Атамбаевдин короосунда бир канча жерде өрт болуп жатат. Электр жарыгы өчүп калды.

Атамбаевдин үйүндө өрт чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:24 0:00

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим октор гана колдонулганын билдирген.

Cаламаттык сактоо министрлиги жарадар болгон 15 адам Чүй облустук ооруканасына түшкөнүн маалымдады.

Окуядан эки сааттан кийин бир канча телеканалдар көрсөтпөй калды. Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады.

Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG