Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:28

Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанындагы жолду милиция тороп турат


Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн алды.
Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн алды.

Алардын каршы тарабында Атамбаевдин үйүнө өткөрүүнү талап кылган адамдардын тобу менен милиция таш атыша кетти. Ал учурда калканчан аскерлер келип, топтолгон адамдарды артка сүрдү.

Таш атышуу учурунда кеминде бир милиция кызматкери жаракат алып, бети канжалаганын активист Мелис Аспековдун “Фейсбуктагы” түз эфиринде көрүндү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 7-августта мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган.

«УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын даярдыктагы куралчан күч кызматтары Алмазбек Атамбаев өз үйүндө адаттагыдай эле эл менен жолугушууга чыкканда келишкен.

ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келген.

Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштады.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан.

XS
SM
MD
LG