“Төрага Дастанбек Жумабеков менен сүйлөштүм. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт. Убактысы такталып жатат. Кошумча билдиребиз”, – деди “Азаттыкка” парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу.
Ал тапта айрым депутаттар өз ара сүйлөшүп, кезексиз сессия өткөрүү үчүн кол топтоп жатышканын КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, кезексиз жыйын өткөрүлүп кала турган болсо өлкөдөгү акыркы кырдаалдар талкууга алынышы күтүлөт.
“Биринчиден, мына бул окуядан тилекке каршы бир киши каза болуп калды. Экинчиден, тиякта Солтон-Сары да чыгып атат. Буга парламент реакция жасабаса анда парламенттин кереги жок болуп калат. Биз укук коргоо органдарына айтышыбыз керек, алар мыйзам негизинде иштеши керек” – деди депутат Дастан Бекешев.
Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-августта кечке жуук башталган. Бирок мурдагы президент дале Кой-Таштагы үйүндө экени кабарланып жатат.
Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны түнкү саат 00:55ке карата 36 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын 15и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Ооруканага түшкөндөрдүн арасында ок атуудан улам жаракат алгандары жана мээси чайкалгандары бар.
Мунун алдында Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын операция маалында атайын даярдыктагы бөлүктүн бир кызматкери каза болгонун билдирген.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес.
27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.