Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Бабанов: Кой-Таштагы окуя үчүн жоопкерчилик баары бир президентте


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

“Республика” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы, андан кийин бир нече киши жараат алган Кой-Таштагы кагылыш боюнча билдирүү жасады. Ал мурдагы жана азыркы башчыларга кайрылып, эл менен укук коргоо кызматкерлерин козутпай, бөөдө кырсыкты курчутпай, тирешүүнү токтотууга чакырды. Бул тууралуу саясатчы “Фесбуктагы” баракчасына жазды.

“Учурдагы окуяга жоопкерчилик баары бир өлкө президентине тийиштүү болуп калат. Тилекке каршы, курмандык болду. Азыр бул жарандык тирешүүгө алып келип бараткан жеке конфликттин улантылышына эч жол бербей, токтотуш керек! 2002-жылы Аксыдагы кан төгүүгө жол бергендиги үчүн элибиз Акаевди эч качан кечирбейт, 2010-жылы Таластагы жана Бишкектеги кан төгүүлөр үчүн элибиз Бакиевди эч качан кечирбейт. Каргашалуу тарыхыбызды экинчи эч кайталабайлы!” – деп жазган.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов өзү 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал учурда Москвада.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири "2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет" деген негизде болсо, экинчиси "бийликти басып алууга даярдык көрүү" деген айып менен ачылган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы 7-августта кечки саат сегизден өтүп башталган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Атамбаевди кармоо операциясында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери желим гана ок колдонушканын, тескерисинче, мурдагы президенттин үйү тараптан атылган аскердик октон күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү каза тапканын билдирди. Саламаттыкты сактоо министрликтин маалыматына караганда, окуяда жабыркаган 48 киши ооруканада.

Жаракат алгандардын арасында Атамбаевдин тарапташтары, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Нурбек Касымбеков, Мээрбек Мискенбаев жана Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов да бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG