Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:03

Вице-премьер Өмүрбекова Кой-Ташта жабыркагандардан кабар алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алгандардан кабар алышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт өкүлдөрү тийиштүү медициналык дары-дармек менен камсыздоону тапшырышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматына караганда, Кой-Таштагы атайын операция учурунда 48 адам ооруканага кайрылган, алардын тогузу амбулатордук дарыланууда, бирөө каза болуп калды. Каза болгон адам күч органынын кызматкери экени белгилүү.

Учурда ооруканаларда жаткандардын саны 38ге жетти.

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, жабыркагандардын көбү желим октон жараат алган. Эки кишиге аскердик ок тийген. Алардын бирөө кечээ каза болгон аскер кызматкери. (КЕ)

XS
SM
MD
LG