Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Мамбеталиев: Мындай операция кечинде жасалбашы керек болчу


Атамбаевди кармоо операциясы учурунда тартылган сүрөт. 7-август. 2019. Кой-Таш.
Атамбаевди кармоо операциясы учурунда тартылган сүрөт. 7-август. 2019. Кой-Таш.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Рафик Мамбеталиев Кой-Таштагы атайын операция жакшылап пландалган эмес деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн "Азаттык" радиосуна билдирди.

- Мындай операция түштөн кийин же кечинде эмес, эртең менен, таң атпай болот. Кечинде атышкандын кажети жок. Атайын операциянын башында ким турса ошол жооп бериш керек. Балдарды жөнөтүп эле койбой, эсептеп, тактап аны координациялаш керек эле. Ушундай болуп кетерин алдын ала көрө билиш керек болчу.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. Ал өзү учурда Кой-Таштагы үйүндө экени айтылууда. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулду. Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга түштөн кийин чогулат.

Соңку маалыматка караганда, атайын операция маалында жалпысынан 48 киши жабыркады, алардын 38и азыр ооруканада, бирөө каза болуп калды. Дарыгерлер жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалын өтө оор деп мүнөздөп жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG