Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо аракетинен улам келип чыккан окуяларга байланыштуу комментарий берди. Анда бул окуяларды «коңшу мамлекеттин ички иши» деп атады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Курмангали «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анда «Токаев окуялардын өнүгүшүнө кылдат көз салып жатат жана жагдай мыйзам чегинде тез арада жөнгө салынарына ишеничин билдирет» деп айтылат.
Кой-Ташта 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. Операция учурунда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышты. Алган жараатынан улам ооруканада атайын бөлүктүн 47 жаштагы кызматкери ажал тапты.
Учурда ооруканаларда 27 кызматкер дарыланып жатат. Алардын бешөөнө ок тийген. Бир кызматкердин абалы оор. Алты кызматкер дагы эле Кой-Ташта, Атамбаевдин тарапташтарынын барымтасында турат.