Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 12:22

Пакистанда экс-премьер-министрдин кызы Мариам Наваз камалды


Мариам Наваз.

Пакистанда Коррупцияга каршы күрөш бюросу 8-августта мурдагы өкмөт башчы Наваз Шарифтин кызы, оппозиция лидери Мариам Навазды камакка алды. Бул тууралуу анын «Пакистан мусулман лигасы» партиясы кабарлады. Ага ылайык, Мариам Лахор шаарында түрмөдө отурган атасына жолукканы барганда камалган.

Пакистандын Антикоррупциялык соту былтыр жыл этегинде Наваз Шарифти жети жылга түрмөгө кескен. Ага «киреше булактарында көргөзүлбөгөн активдерге ээлик кылган» жана «арам акчаны адалдаган» деген айып коюлган. Судья Шарифке ошондой эле 2,5 миллион доллар айып салган.

Андан жарым жылдай мурун Наваз Шариф Лондондон кымбат баалуу батир сатып алганына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында он жылга түрмөгө кесилип, 8 миллион доллар айыпка жыгылган.

Бул иш боюнча анын кызы Мариам жети жылга, күйөө баласы Мухаммад Сафдар бир жылга соттолгон. Бирок алар өкүмдү апелляцияга берип, сентябрда күрөөгө бошотулган.

68 жаштагы Наваз Шариф өзүнө жана балдарына коюлган айыптардын баарын четке кагып, саясий куугунтук катары баалап жүрөт.

XS
SM
MD
LG