Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:40

Кой-Таш тарапка көп сандаган күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү баратат


Кой-Таштагы Атамбаевди кармоо операциясы учурунда тартылган сүрөт. 7-август. 2019-жыл.
Кой-Таштагы Атамбаевди кармоо операциясы учурунда тартылган сүрөт. 7-август. 2019-жыл.

«Азаттыктын» кабарчысы Самат Жумакадыровдун айтымында, Кой-Таш тарапка көп сандагы күч түзүмдөрү баратат. Алардын басымдуу бөлүгү милиция кызматкерлери жана атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү. Арасында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бар. Бул тууралуу ИИМ расмий маалымат бере элек.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай, күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлеринин кагылышында Чүй милициясынын башчысы оор жараат алды. Атайын кызматтын бир аскери курман болду. 50дөн ашуун киши ар кандай жараат менен ооруканага кайрылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG