Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:11

Атамбаевдин үйүндө кармалып турган алты жоокер коё берилди


Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү. 8-август, 2019-жыл.
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү. 8-август, 2019-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө кечээтен бери кармалып турган алты жоокер коё берилди. «Азаттык» радиосунун кабарчысы жеринен билдиргенине караганда, баарын тең бир машинеге салып кетишти.

КСДПдын лидеринин орун басары Фарид Ниязов аларды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрү алып кеткенин айтты.

7-августта кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында мурдагы президентти үйүнөн алып кетүү аракети көрүлдү, бирок ишке ашкан жок. Натыйжада ал жакка барган УКМКнын «Альфа» бөлүгүнүн кызматкерлери менен Атамбаевдин тарапкерлеринин ортосунда тутанган кагылышуудан атайын кызматтын офицери курман болуп, дагы 51 адам түрдүү жараат алды.

Жоокерлерди Атамбаевдин үйүнөн тарапкерлери сүрүп чыгып, алтоону кармап калышкан.

Бүгүн алар Кой-Ташка жогору жактан берилген буйрук боюнча барганын, бул үчүн өкүнөрүн айтышты.

Алты жоокер коё берилгени тууралуу Ниязовдун айткандарына УКМК азырынча комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG