Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:32

Баткенде балдар укуктары боюнча адистер окуудан өтүп жатышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

6-июлдан бери Баткен жана Лейлек районунун үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалык өкүлдөрү, укук коргоочулар, соцпедагогдор жана социалдык кызматкерлер, мигранттардын балдарынын мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоого тиешелүү адистер үчүн окутуу уюштурулду. Иш-чарада миграцияга кетип жаткан ата-энелердин балдарын расмий камкордукка алуунун жол-жоболору, балдардын укуктары жана мыйзамдык кызыкчылыктары боюнча кенен түшүнүк берилди. Суроо-жооптор болуп, атайын адис суроолорго жооп берип, улуттук механизмдер, жол-жоболор тууралуу кенен маалымат берди. Иш-чарада мигранттардын балдарына тиешелүү болгон актуалдуу көйгөйлөр талкууланып, мигранттардын балдарынын укуктарын мыйзамдык кызыкчылыктарын коргош үчүн зарыл чаралар менен сунуштар тууралуу кеп болду.

Аймакта миграциянын агымы күч. Баткен облусунда калктын 40 пайызга жакыны жакырчылыктын деңгээлинде жашагандыктан, өлкө боюнча Орусияда миграцияда жүргөндөрдүн 35 пайызы Баткен облусунан. Бул тууралуу мигранттардын балдарынын укуктарын коргоо боюнча демилгени ишке ашырып жаткан уюштуручулар маалымдашты. Иш-чара USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда «Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү» долбоорунун алкагында өтүүдө. (JsA)

XS
SM
MD
LG