Саламаттык сактоо министрлигинин 18:50гө карата берген маалыматына караганда, Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жараат алган беш киши келип түштү. Алардын арасында ок тийген күч түзүмдөрүнүн төрт өкүлү бар. Бирөө жөнөкөй жаран, ал кулак тундуруучу гранатадан жабыркаган. Бардыгынын абалы туруктуу.
Министрликтин буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жабыркаган жарандардын саны 80ге жеткенин кабарлаган. 7-августта Кой-Таш айылында жабыркап, «Тез жардам» линиясы менен ооруканага түшкөндөрдүн саны 53. Дарыгерлер 21 кишиге жеринде жардам көрсөтүшкөн. (КЕ)