Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Ала-Тоо аянтында жаалданган топ жүрөт


Ала-Тоо аянты. 8-август, 2019-жыл.
Ала-Тоо аянты. 8-август, 2019-жыл.

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында ушу тапта жаалданган топ түрдүү кыйкырыктар менен жүрөт. Алардын көбү жаштар.

«Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, аянтта күч түзүмдөрүнөн эч ким көрүнбөйт.

Чогулгандардын айрымдары Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имаратынын жанына келе баштады. Алардын талабы эмне экени азырынча белгисиз.

Айрымдары аянттагы темир тосмолорду жылдырып, унаа жолду жаап салышты. Кээ бирлеринин колунда союл бар.

Бүгүн, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап алып кеткен. КСДПнын өкүлдөрү Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилгенин кабарлашкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG