Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Дмитрий Медведев Кыргызстанга келди

Дмитрий Медведевди Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропортунан кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү тосуп алышты.
Дмитрий Медведевди Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропортунан кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү тосуп алышты.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөт аралык кеңешине катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлап, Медведев 9-августта Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугаарын билдирди.

ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешинин жыйыны 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышат.

Медведевден мурун Казакстандын жана Беларустун өкмөт башчылары Аскар Мамин менен Сергей Румас келишкен.

Премьерлерди Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышынын артынан Бишкек шаарында ушул тапта коомдук-саясий абал курчуп турат. (TSh)

XS
SM
MD
LG