Бишкектин ар кайсы жерлеринде башаламандык болуп жатканын социалдык тармак колдонуучулары жазууда. «Акипресс» агенттиги айрым жол кесилиштеринде «Коопсуз шаардын» көзөмөл камералары талкаланганын кабарлады.
9-августка караган түнү милиция борбордук Ала-Тоо аянтында топтолгондорду таратыш үчүн кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу заттарды колдонгон. Чогулгандар Жогорку Кеештин жанына келе баштаган болчу. Жаалданган топ түрдүү кыйкырыктар менен аянттагы темир тосмолорду жылдырып, автоунаа жолун жаап салышкан.
Алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары экени айтылууда. Кээ бирлеринин колунда союл бар.
Ички иштер министрлиги шаар толук көзөмөлдө экенин билдирди.
8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кеткен. Кыргызстан социалдык демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлдөрү Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилгенин кабарлашкан.