Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Түркмөнстанда коммуналдык кызмат үчүн карызы барларга документ берилбей жатат


Түркмөнстан.
Түркмөнстан.

Түркмөнстанда коммуналдык кызмат үчүн карызы жок экенин тастыктаган маалымкаттарды талап кылуу учурлары көбөйдү.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын Мары облусундагы кабарчысы билдиргендей, шаардык акимчиликтин кызматкерлери документ жана маалымкат үчүн кайрылган жарандарга коммуналдык кызмат акысы төлөнгөнү тууралуу дүмүрчөктөрдү көрсөтүү зарыл экенин айтышууда.

Маалыматтарга караганда, ЗАГС бөлүмү никеге туруу, ажырашуу, жарандардын төрөлгөнү, өлгөнү тууралуу күбөлүктөрдү да газга, электрге, сууга карызы жокторго гана берүүдө.

​Түркмөнстандын бийлиги коммуналдык кызмат үчүн карызы барларды аныктоо жана береселерди мажбурлап төлөтүү чараларын күчөтүүнү улантууда. Лебап жана Мары облустарынын мамлекеттик мекеме-ишканаларынын кызматкерлерине алар коммуналдык карызы жок экенин тастыктаган маалымкат көрсөткөн учурда гана маяна алышары кабарланды.

XS
SM
MD
LG