Бишкекте жана Чүйдө абал тынч, милициянын көзөмөлүндө. Мындай билдирүүнү бүгүн Ички иштер министрлиги таратты.
Мекеменин маалыматына караганда, 9-августка караган түнү «Алмазбек Атамбаевдин агрессивдүү тарапкерлери коомдук тартипти бузуп, жол тосуп, жай тургундарды коркутуп-үркүтүшкөн. Ошондуктан аларга карата атайын каражаттар колдонулган. Бишкекте талап-тоноочулукка жол берилген жок. Үч жерде «Коопсуз шаардын» көзөмөл камералары талкаланган, Беш-Күңгөй айылында жайгашкан милиция бөлүмү өрттөлгөн».
Учурда келтирилген зыян эсептелип, тартип бузгандар изделүүдө.
«Азыр милиция кадимки тартипте иштеп жатат, коомдук коопсуздукту жана шаар тургундарынын тынчтыгын камсыз кылуудабыз» деп билдирди милиция.
Кримтөбөлдүн түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча күбө катары суракка чакырылган мурдагы президентти кармоо операциясы Кой-Ташта эки күн уланды. Жүздөн ашуун адам жараат алды, бир офицер курман болду. (RK)