Дүйнө жүзүндөгү жүз миңдеген мусулмандар ажылык зыярат үчүн Сауд Арабиясына келе башташты.
9-августтан 14-августка чейин Мекке жана Медина шаарларындагы диний жөрөлгөлөргө дүйнөдөгү 2 миллиарддай мусулмандын 2 миллионго жакыны катышат.
Быйыл Ирандан мурдагыдан көп зыяратчы келери күтүлүп жатат. 2015-жылы Мекке шаарындагы диний жөрөлгө учурунда Ирандын 2300дөй жараны тебелендиде каза тапкандан кийин Тегеран жылдык зыяратты бойкоттогон болчу.
Быйыл ажылык жөрөлгөлөр Перс булуңундагы саясий жана аскердик чыңалуу күчөп тургун учурда өтүп жатат.