АКШнын президенти Дональд Трамп француз президенти Эммануэл Макронду Иранга Вашингтон менен болжолдуу сүйлөшүүлөр тууралуу «ар түрдүү сигнал» берип жатат деп айыптады.
«Иран олуттуу финансылык кыйынчылыкты баштан кечирүүдө. Алар болушунча АКШ менен сүйлөшкүсү келишет. Бирок аларга биздин өкүлүбүз сыяктуу көрүнгөн бардык тараптар, анын ичинде француз президенти Макрон түрдүү сигнал берип жатышат», деп жазды Трамп 8-августта «Твиттердеги» барагына.
Француз тарап мындай билдирүүгө азырынча жооп бере элек. Буга чейин «Аль-Монитор» сыяктуу эл аралык басылмалар француз лидери Макрон Трамп менен жолуктуруу үчүн Ирандын президенти Хасан Роуханини «Чоң жетинин» бул айда Францияда өтүүчү саммитине чакырганын жазып чыгышкан. Бирок бул маалыматты француз дипломаттары четке кагышкан.
АКШ 2018-жылдын май айында Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыгып кеткенден бери Тегеран менен Вашингтондун алакасы чыңалып турат. Кошмо Штаттар Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда кол коюлган бул келишимдин алкагында токтотулган Тегеранга каршы санкцияларды кайра калыбына келтирген.
Трамп Ирандын лидерлери менен сүйлөшүү ниети бар экенин ишарат кылганы менен Тегеран ал үчүн санкциялар алынышы керек экенин билдирип келет.