Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:27

Сооронкулова: Бабанов камалбасын билип туруп келди


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Бишкекке камалбасына көзү жетип келди деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн «Азаттык» радиосуна билдирди.

Сооронкулованын пикиринде, Бабанов бийлик менен сүйлөшкөндү билет, андыктан бир келишимге келишет. Себеби саясий атаандаштыкты күчөтүү бийликке упай алып келбейт.

- Бабановду кармашса анын тарапкерлери чыкмак, саясий кырдаал кайра курчумак. Бийлик араң-араң түзөп келаткан аброю түшүп кетмек. Ал кырдаалды сезип, камалбасын билип туруп келди. Азыр камалбайт го, - деди ал.

2017-жылы Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөн. Анда жеңип чыккан Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы Өмүрбек Бабанов болгон. Коомдук биринчи каналдагы теледебат учурунда алар эл алдында кайым айтышып, Жээнбеков Бабановго «президент болсом коррупция менен күрөштү сенден баштайм» деп айтканы коомчулукта катуу талкуу жараткан.

Шайлоодо утулуп калгандан кийин Бабанов Москвага кеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, ага эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын 8-августта эскерткен.

Бүгүн Бабанов Бишкекке кайтып келди. Ал аэропорттон эч тоскоолдуксуз, текшерүүсүз өткөнүн айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG