Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов эсине келе элек (видео)


Самат Курманкулов.
Самат Курманкулов.

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорунун орун басары Бакытбек Исаков «Азаттыкка» берген маалымат боюнча башынан оор жаракат алып ооруканага түшкөн Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдырууда, эсине келбей жатат.

- Ахыбалы туруктуу оор. Аппараттын жардамы менен дем алдырууда. Баш сөөгүнө операция жасалган, - деди Бакытбек Исаков.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган.

Самат Курманкулов эсине келе элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

7-8-августта Кой-Таштагы окуялардан кийин жабыркагандардын саны 98 адамга жеткен.

Учурда ооруканада жаткандардын саны 20 адам, алардын 13ү Травматология жана ортопедия борборунда, үчөө Чүй облустук ооруканасында, төртөө Улуттук госпиталда. (SA)

XS
SM
MD
LG