Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

«Апрель» телеканалына күч кызматкерлери барганы кабарланууда


Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана журналист Канат Каниметов. 10-декабрда «Апрель» телеканалынан көрсөтүлгөн маектен бир ирмем.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана журналист Канат Каниметов. 10-декабрда «Апрель» телеканалынан көрсөтүлгөн маектен бир ирмем.

«Апрель» телеканалынын кызматкерлери алар отурган кеңсеге өзүн күч органынын өкүлү катары тааныштырган адамдар кирип келгенин Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу түз эфирден кабарлап жатышат.

«Апрелдин» жетекчиси Дмитрий Ложников алар имаратты камаш үчүн келгенин, «Форум» имараты да, телеканал да Алмазбек Атамбаевге таандык экенин айтты.

Мурдагы президент 8-августта күч органдарынын атайын операциясынан кийин УКМКга камалды. Ага чейин ал күбө катары суракка үч жолу чакырылып, барган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG