Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:28

ЕАЭБдин өкмөт башчылары Чолпон-Атада фестивалды көрүштү


Чолпон-Атадагы Евразия Экономикалык Биримдигинин өкмөт башчыларынын жыйынынан кийин Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Армениянын өкмөт башчылары "Рух Ордо" комплексинде өткөн классикалык жана джаз музыкасынын эл аралык «Tengri Music» фестивалына барышты. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Фестивалга Кыргызстан, Орусия, Армения, Казакстан, Беларус, Германия жана Австриянын атактуу музыканттары катышты.

Буга чейин бир нече жылдан бери өтүп келген фестивал быйыл биринчи жолу Ысык-Көлдүн жээгинде өттү.

9-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Ага ЕАЭБге мүчө Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин, Армениянын премьер-министри Николь Пашинян жана Беларус премьери Сергей Румас баштаган делегациялар катышты. (BkA)

XS
SM
MD
LG