Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

УКМК жараат алган аскерлер үчүн каражат чогултулуп жатканын четке какты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган аскерлерге кымбат баалуу дары-дармектер керек деген маалымат чындыкка дал келбесин кабарлады. Маалыматка ылайык, Кой-Таштагы окуяда жаракат алган бардык кызматкерлерге ар тараптуу медициналык жардам көрсөтүлүүдө жана керектүү дары-дармектер менен толук камсыздалган. Буга байланыштуу УКМК жарандарды жараат алган жоокерлер үчүн акча чогултууга багытталган шектүү акцияларга катышуудан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операция учурунда жалпысынан 12 аскер жаракат алып ооруканага түшкөн. Ал эми операцияны жетектеп барган подполковник Үсөн Ниязбеков ок жеп каза болду. Мындан сырткары Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов жаракат алып, учурда оор абалда ооруканада жатат. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG