Орусиядагы Росатом мамлекеттик корпорациясы 8-августта Архангельск облусундагы аскер полигонунда беш кызматкери каза болгонун ырастады. Маалыматка ылайык, полигондо реактивдүү кыймылдаткычты сыноо жүрүп жаткан. Кырсыкта үч адам жаракат алганы кабарланды. Алар учурда ооруканада дарыланууда.
Буга чейин Архангельск облусунда радиациянын деңгээли текшерилип жатканы кабарланган. Бийлик өкүлдөрү радиациялык фон белгиленген өлчөмдө экенин билдирүүдө. Бирок батыштагы айрым булактар Ак деңиздин жээгиндеги Ненокс айылында реактивдүү кыймылдаткыч жарылганын жазып чыккан эле.
"Reuters" агенттиги өз булактарына таянып, Архангельск облусунда ядролук күйүүчү май колдонгон ракетанын кыймылдаткычы жарылганын кабарлады.