АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жолугушуу өткөрүүнү каалап жатканын билдирди. Анын айтымында, Ким Чен Ын АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен машыгуусунан соң сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү көздөйт. Бул тууралуу Трамп 10-августта «Твиттердеги» баракчасына жазды. Анда АКШ президенти Ким Чен Ын жакында өзүнө жиберген катында жолугушуу жөнүндө жазганын билдирди.
Ошондой эле Трамп Ким Чен Ын өз катында жакында өткөн кыска аралыктагы ракеталарды сынаганы үчүн «азыноолак кечирим» да сурап, ал машыгуулар жакын арада аяктаарын белгилеген.
АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери буга чейин үч ирет жолуккан. Акыркы Сингапурдагы жолугушуу мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталган. Бул жолугушуунун максатына жетпегени менен түшүндүрүлгөн.