Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Жээнбеков Курман айт менен куттуктады


Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги айт намазы маалында. 11-август, 2019-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги айт намазы маалында. 11-август, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Президенттин басма сөз кызматы тараткан куттуктоодо Жээнбеков бул майрамдын маанисин белгилеп, өлкө жарандарына тынчтык жана ынтымак тилеген.

«Ушул күнү Жер жүзүндөгү бир жарым миллиардга жакын адам жан-дүйнөсүн тазалап, Жаратканга жакын болууга умтулат. Дүйнөдө бир да майрам мынча көп кишинин асыл оюн, аруу тилегин, жаркын максатын бириктире албайт», - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Бул күнү Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мечиттердин бирине барып майрамдык намаз окуганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG