Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Бишкек мэриясы 8-августтагы чыгымды эсептеди


Бишкек. 9-августка караган түн.
Бишкек. 9-августка караган түн.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин Бишкек шаарындагы 8-августан 9-августка караган түнү болгон көчө жүрүштөрү 100 миң сомдук зыян алып келди.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова билдирди. Анын айтымында, Көк-Жардагы кагылышууда 29 автобус талкаланган жана жаңы долбоор менен алынган таштанды таштоочу контейнерлер өртөлгөн.

- Жаш балдар аянттагы 84 темир тосмолорду, жаңы таштанды контейнерлерди сындырып кетишти. Күндүзү Көк-Жарда болду. Автобустар менен милиция кызматкерлерин ташып жаткан жолду тосуп, «Молотов коктейлин» жасап ыргытышты. Автобустардын терезелери, күзгүлөрү, ичиндеги отургучтары сынды. Айдоочу отурган бөлүгү, дөңгөлөктөрү талкаланды. Жалпысынан 100 миң сомдон ашык каражат чыгым болду. Муну биз шаарды өнүктүрүүгө жумшасак болмок, - деди Гуля Алмамбетова.

8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин белгисиз адамдар Бишкек шаарындагы Ала Тоо аянтына топтолуп, башаламандык кылууга аракет кылышкан.

Бул тартип бузуу фактыларына байланыштуу кырктан ашык адам кармалып, убактылуу камалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирген.

Алардын ичинен беш адам Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга шаардагы №1 тергөө абагына камакка алынды. (GT)

XS
SM
MD
LG