Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:00

Ысык-Көл: тоодо өрт чыкты


Байсоорун өрөөнү.

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы Байсоорун өрөөнүндөгү тоодо өрт чыкты. Бул тууралуу аталган райондун акими Данир Иманалиев билдирди. Анын айтымында, өрт 9-августта башталган. Өрт чыккан тоодо карагайлар жыш өсөт. Учурда өрттү өчүрүүгө райондогу өзгөчө кырдаал кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар болуп жалпысынан 170 киши тартылган.

Өрт чыккан өрөөнгө баруучу жол катаал болгондуктан кыйынчылыктар келип чыкты. Учурда тилсиз жоо 2 гектардай жерге жайылган. Район акими азыр өрттүн андан ары жайылып кетпеши үчүн чара көрүлүп жатканын кошумчалады. (KS)

XS
SM
MD
LG