Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:52

Иерусалимдеги мечитте зыяратчылар менен полиция кагылышты


Иерусалимдеги «Аль-Акса» мечити.
Иерусалимдеги «Аль-Акса» мечити.

Иерусалимдеги «Аль-Акса» мечитинин сыртында палестиналык мусулман зыяратчылары менен Израилдин полициясы кагылыша кетти. Курман айт белгиленип жаткан учурда болгон бул окуядан кеминде 14 киши жабыркаганын Палестинадагы дарыгерлер билдиришти. Израил кеминде төрт полиция кызматкери жараланганын маалымдады.

Иерусалимдин бул аймагын палестиндер да, израилдиктер да ыйык деп эсептешет. Бир нече күн мурда Иерусалимдин түштүк тарабында Израилдин бир жоокери киши колдуу болгон. Андан бери аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлүп турган.

Расмий Тел-Авив билдиргендей, 10-августта палестиналык төрт куралчан адам Израил күчтөрүнүн огунан каза тапкан.

Чыгыш Иерусалимде жайгашкан «Аль-Акса» мечитинин айлана-тегереги 1967-жылкы согуштан кийин Израилдин көзөмөлүнө өткөн. Палестиналыктар бул аймакты болочок мамлекетинин бир бөлүгү катары санашат.

XS
SM
MD
LG