Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Кой-Таштагы окуя боюнча журналист сурак берип чыкты


Назгүл Мамытова.
Назгүл Мамытова.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө болгон окуя боюнча журналист Назгүл Мамытова жана анын күйөөсү Фархад Борукеев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына сурак берип чыгышты. Алар ошол күндөрдөгү окуялар боюнча УКМКга түшүнүк кат жазышты. Борукеев өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди.

«Ачык саясат» гезитинин редактору Назгүл Мамытова «Азаттыкка» билдиргендей, күйөөсү экөөнү бүгүн атайын кызматтын өкүлдөрү алып кетишкен.

Ал эми УКМК жана ИИМ учурда бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Назгүл Мамытова 8-августта камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы катары белгилүү болчу. Ал күйөөсүнүн соңку окуяларга тийешеси жок экенин, ал өзүн жана журналист кыздарды гана жеткирип барганын билдирүүдө.

Буга чейин Кой-Таштагы акыркы окуялар боюнча Атамбаевдин бир нече тарапкери күбө катары УКМК жана ИИМге чакырылууда.

Коррупцияга байланыштуу айыпталган Алмазбек Атамбаев менен катар президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG