Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:38

Түркмөнстанда Каспий экономикалык форуму башталууда


Түркмөнстан 12-августта өтө турган биринчи Каспий экономикалык форумун өткөрүүгө даярданып жатат. Даярдык иштеринин алкагында жекшемби күнү «Аваза» туристтик аймагында «Түркмөн сахра - 2019» деп аталган инновациялык технологиялар көргөзмөсү ачылды.

11-августта өлкөгө Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев барды. Иш-чаранын уюштуруучулары билдиргендей, Медведев форумдун пленардык жыйынында сүйлөп, андан соң Каспийге жакын жайгашкан өлкөлөрдүн Эл аралык инновациялык технологиялар көргөзмөсүнө катышат.

Расмий маалыматтарга караганда, Түркмөнстандагы сапарынын алкагында орус өкмөт башчысы өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугат. Орус өкмөт башчысынын сапары түркмөн лидери тууралуу айың кептер тараган учурга туш келди. Эл аралык коомчулук экөөнүн жолугушуусун күтүп жатат.

Мындан тышкары форумга Орусиянын, Казакстандын, Ирандын, Азербайжандын, ошондой эле Каспий аймагына жакын жайгашкан башка өлкөлөрдүн делегациялары чакырылган. Анда экономика жана ишкердик маселелер, анын ичинде инвестициялар менен ири долбоорлор үчүн шарт түзүү талаптары бар.

Ал ортодо «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, форум аяктаганга чейин «Аваза» туристтик аймагы түркмөн жарандары үчүн жабык болот. Мындан тышкары Түркмөнбашы шаарынын жана жакынкы айылдардын тургундары үчүн жолдордо жүрүүдө айрым чектөөлөр киргизиле тургандыгы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG