Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Слесарев: Атамбаев өзүн токтоо алып жүрөт


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Адвокат Сергей Слесарев учурда УКМКнын тергөө абагына кармалып турган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Атамбаевдин абалы эң жакшы, ал өзүн токтоо алып жүрөт. Адвокат «Азаттыкка» мурдагы президент менен 10-августта эки жолу жолугуп чыкканын жана абактын шарты канааттандырарлык экенин билдирди.

Буга чейин Слесарев УКМКнын тергөө абагына камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тергөө документтерине кол койбогонун айткан. Анын сөзүнө караганда Атамбаев алгачкы сурак маалында кылмышка шектүү боюнча кабарламага, сурак протоколуна, бөгөт чарасын аныктоо боюнча токтомго кол коюудан баш тарткан. Адвокат мурдагы президент бул аркылуу өзүнө козголгон кылмыш ишинин мыйзамсыз экенин билдиргенин жана буга акысы бар экенин кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаев иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын карап 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.

Атамбаев Жазык кодексинин «Кылмышка кошо аралашуу» жана «Коррупция» беренелери боюнча шек саналууда. Мындан тышкары Башкы прокуратура 8-августта Кой-Таштагы башаламандык, бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү, аскер адамын өлтүрүү жана барымтага алуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон эле. Бирок ал фактылар боюнча Алмазбек Атамбаевге азырынча айып коюла элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG