Кытайдын Шаньдун провинциясындагы «Лекима» тайфуну 5 кишинин өмүрүн алды. Жети киши дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү аймактагы өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди.
Тропикалык шамалдын циклону 11-августтун кечинде Жичжао жана Циндао шаарларынын жээгине жетти. Анын артынан нөшөрлөп жаан жаап, ылдамдыгы секундасына 23 метрге жеткен шамал жүрдү. Расмий маалыматтар боюнча, тропикалык катуу шамал 1,6 млн. кишинин жашоосун кыйынчылыкка учуратты. Бийлик кооптуу аймактардан 180 миң тургун көчүрүлдү. Тайфундан 175 миң гектарлык айдоо жер жабыркап, 600 курулуш бузулду. Шаньдун провинциясы тарткан чыгымдын көлөмү 200 млн. долларга бааланнып жатат.
Жума күнү «Лекима» тайфуну Чжэцзян провинциясынын чыгышындагы Вэньлин шаарына жетип, шамалдын ылдамдыгы секундасына 50 метрге жеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, бул аймакта 32 адам каза болуп, 16 кишинин дайыны чыга элек. Экономикалык чыгым 2,24 млрд. долларга бааланды.