Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

Ысык-Көлдө автобус кырсыкка кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунда Орусиянын жараны айдап бараткан автоунаа менен эл ташыган автобус жол кырсыгына кабылды. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун маалыматына караганда, кырсык 11-августтун кечинде Тамчы айлында болгон.

- Орусиянын жараны «Lexus» автоунаасы менен кетип бараткан экен. Ал Тамчы айлынан күн чыгыштан күн батышты карай бурулуп жатканда Балыкчы шаарынын тургуну айдап бараткан автобусу менен аны артынан сүзүп алган. Жыйынтыгында автобус жолдун четине чыгып кеткен, - деди Усубалиев.

Автокырсыктан эч ким жаракат алган эмес. Бул факт Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Усубакунов кырсыктан автоунаа ээлери материалдык чыгым тартканын, эгерде тараптар арыз жазышпаша иш кыскартыларын айтты. (BTo)

XS
SM
MD
LG