Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Ирандык качкын журналист Австралиянын дагы бир адабий сыйлыгын утту


Ирандык качкын жана журналист Бехруз Бучани Манус аралындагы миграциялык борбордо кармалып турат.
Ирандык качкын жана журналист Бехруз Бучани Манус аралындагы миграциялык борбордо кармалып турат.

Австралиянын баш паанек алууну көздөгөндөр кармалчу борборунда алты жылдан бери жашап жаткан ирандык күрт Бехруз Бучани өзүнүн автобиографиялык китеби үчүн дагы бир адабий сыйлыкты утуп алды.

Бехруз Бучани Австралиянын Жаңы Түштүк Уэлс аймагынын мамлекеттик китепканасы уюштурган сынактагы сыйлыкты «Тоолордон башка досум жок» китеби үчүн алды. Ага бул сыйлык 17 миң доллары менен берилет.

2013-жылы Ирандагы куугунтуктан качкан журналист аталган китебин Манус аралындагы миграциялык борбордо жатканда жазган. Анын китеби анлис тилине да которулган. Өз китебинде журналист Ирандан качып чыкканы, Индонезиядан кайык менен келе жатып, Австралиянын бийлиги аны кантип кармаганы тууралуу баяндаган.

Сыйлык алууга бара албаган Бехруз Бучани Австралиянын адабий коомчулугуна жана жарандык активисттерине ыраазычылык билдирди.

Бучани ушул жылы Австралиянын башка да адабий сыйлыктарын утуп алган.

XS
SM
MD
LG